дастар

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Селде, чалма, баш оромол.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дасторконду салдырып, / Аш-тамагын жам кылып, / Суусунга барын кандырып, / Дастарконун жыйышып, / Жүрмөк болду бастырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Саламат өңдүү далайлар, / Чыйырдынын ордого, / Бардыгы кирип болгондо, / Дастаркону жайылып, / Даамы келди ортого. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эшик ачып киргизип, / Эптүүлүгүн билгизип, / Эзген курут, кошкон май, / Боорсок, токоч дапдайар, / Дастарконго койду эле, / Кыйарлык менен Алмамбет, / Кыраанга назар бурду эле, / Тап бүркүттөй кылыйып, / Дастарконго кол салбай, / Тартынгансып турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…рган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / Бары турду дүрбөшүп, / Улуктугун урматтап, / Төрдөн орун көрсөтүп, / Төрөлөр жакка өткөзүп, / Аш-тамагын татканда, / Дастарконун жыйганда, / Манас турду муну айтып: / — Кана, баатыр Ажыбай, / Келдиңби эсен көөнүң жай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ушуну айтып Абыке, / Семетейдей чунакты, / Ээрчитип алып жүргөнү, / Ак сарайга киргизип, / Көрпө, килем салды эми, / Дастарконун жайдырып, / Кант, мейизин койдуруп, / Самоордон чайды куйдуруп, / Ак чайнекке демдетип, / Суусунуна чунактын, / Кымыз алып келди эми, / Бакай менен Семеңге, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →