дары2
- Атууда же жардырууда колдонуу үчүн атайын жасалган тез тутангыч зат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дарыны алып колуна, / Жалап алды тил менен, / Кан куйулган жараны, / Сыйпап алды кол менен, / Оозу тийип, тил татып / Колу тийип жарага, / Кан кургады так катып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аккан суусу шар экен, / Аппак сүтү, кымыз дары экен, / Жетпесе ажал өлтүрбөс, / Дары чөптөр бар экен, / Улар деген улуу куш, / Ушул жерде көп экен, / Улардын эти медеткер, / Аркардын эти себепкер, / Муунга …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Күч ортосун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тулпарын алып токунуп, / Азыгын жанга байланып, / Ок, дарысын мол алып, / Алты киши котчу алып, / Айылдан чыкты аттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →