дарыя
- Чоң агын суу, чоң өзөн.
- өт. Мол, түгөнгүс, эң көп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– Дарыя, дарыя, мага сууңдан бергин, тумшугумду жууп тазалайын, досум кашкулак этин бермек болду, семиз экен этин жейин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Дарыя балыкка бай экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Балыктын ичинен чыккан суу дарыядай ташкындап акты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Сен ушул дарыянын жанындагы тоонун этегинде күтүп тургун.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Бул дарыяга түшүүгө болбойт, жылан, жаян көп, ал бизди тартып кетет, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →