дарыла1
- Оорусуна, илдетине, жаратына карата, айыктыруу максатында дары берүү, дары сүйкөө, дары-дармек колдонуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дарылап таңдым шыйрагын, / Үпчүнү жаап үстүнө, / Жаткырып койдум Куланы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кызды эстебей элди эстеп, / Сейитимдей эрди эстеп, / Жаратыңды баатыр дарылап, / Уруштун камын кылалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бирине өзүн киргизип, / Бирине дары түшүртүп, / Бирине Гүлүс күттүрүп, / Туруп калды жылмайып, / Белдүүлүгүн билгизип, / Айлакер табып Момунжан, / Алты күнү дарылап, / Түгөнбөгөн сары суу, / Кан аралаш ириңи, / Калтырбады бирини, / Эсептеп жашын Гүлүстүн, / Далысынын кечирин, / Ченеп көрсө кесигин, / Чарыккан төөнүн кечири…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →