дарттуу
- Оорулуу, кеселдүү, илдети бар.
- өт. Кайгылуу, капалуу, күйүттүү, саналуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
ат конуп, / Көкбөрүдөн тил алып, / Коросон барып аттанып, / Кененимден келдим, деп, / Жаңы ханга кеп салып, / Жаңы ханга жагынып, / Жай алып далай туруптур, / Дарттуулардан кеп сурап, / Далай сонун угуптур, / Кара нээт Каракөз, / Анык кудай уруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үч тараптан тийгенде, / Өз ичинен чыкпайбы, / Айталбай дарттуу бар болсо, / Ичине батпай убайы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Бура тартып барайын, / Жалганбы, чын уккан кеп, / Жайын билип алайын, / Анда өйдө чуу койуп, / Дарттууларды табайын”, / Деп ойлонуп Сетертай, / Чоң жолдон туура бурулуп, / Куйунтайга камчы уруп, / Чачыкейдин айлына, / Келип жетти чуу койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →