дармансыз
- Куч-кубаты начар, алсыз, чабал, каруусуз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрүнбөйт көзгө көп-азы, / Күч келип жанга кысылбай, / Дүйнөдөн өтпөйт армансыз, / Ажал кысып келгенде, / Адамдын баары дармансыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бир атадан алты эле, / Кыз душмандын бүлөсү, / Экөөңдө ага үч эле - / Экөө өлдү амалсыз, / Бирөө оору, дармансыз: / Акылың менен иш кылып, / Аш берип атты чапкыла, / Агаңдын каны каткыча,- / Каныкейден кеп угуп, / Ак көңүл туулган Абыке, / Алапайын таба албай, / Ал тура албайт удургуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →