дарман

китептерде 34 жолу, 9 китепте
  1. Денедеги күч-кубат, ал, чама.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– деп, / Ачуусу келип арбайып, / Бузулуп өңү сурданып, / Өйдө болор дарман жок, / Жатыптыр Алмаң сулайып, / Көргөндө Алмаң Бакайды, / Айтканы бул муңайып: / Айланайын абаке, / Кулжаны атып кулаттым, / Качырбай аны сулаттым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Менин барар аргам жок, / Бүткөн бойдо дарман жок, / Чама келип чарк жетип, / Жакташып кирип доңузга, / Чабышар чама калган жок, / Эсебин тапчу арамдын, / Шер Сейитек мында жок, / Кара дөөдөн кеп угуп, / Х… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Койгун десем ошондо, / Тилимди менин алган жок, / Кичинесиң сен анда, / Каруу кылар дарман жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…йгону, / Колдобосоң мейли, деп, / Эрегишип сиз менен, / Кырылып кетсек болобу, / Эрегишип кан төкпөй, / Өткөн күндү өчтөбөй, / Бетиңди бур калыска, / Эми бизде дарман жок, / Элчилешип барышка, / Көрүп турат көзүңүз, / Кимиси жарайт намыска? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Үстүндөгү жүгүн алып жибергиче болбой, акыркы дарманы менен арткы аяктарын бир эки серпип алды да бир демде өлүп кетти... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →