даркыра
- Барылдаган катуу үн чыгаруу, дарылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…дап, / Доолбас үнү шаңкылдап, / Элестеп көзгө көрүндү, / Кызыл желек жалпылдап, / Кара лөгү Манастын, / Тайраң салып далпылдап, / Аккуланын үнүбү, / Ат кишенеп даркырап, / Ай балта үнү шаңкылдап, / Чокмордун үнү каңкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жетти экинчи эшикке, / Ачылды эшик даркырап, / Башын салып караса, / Аркынын ичи жалтырак, / Жакуттай жаркып от чыгып, / Турган темир жалтырап, / Адамдын сөөгү тизеден, / Жерде жатат кагжырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…рган мал, / Кең Букарга толуптур, / Муну көргөн Букарга, / Чоң коркунуч болуптур, / Айдаган малды караса, / Айланага тамаша, / Айгырлары аркырап, / Бээ кишенет даркырап, / Энесинен адашып, / Кулундары чыркырап, / Жылкы келди түгөнгүс, / Санатын санап жан билгис, / Дүң-дүң басып томпоңдоп, / Пил келиптир Букарга, / Инек-өгүз ар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аккула үнү чыкканда, / Кулуну калган эмедей, / Аттын бары аркырап, / Айрыкчасы Көктеке, / Күчөп-күчөп даркырап, / Аркалап келе жаткан ат, / Алдына чыкты жалтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эл караанын көргөндө, / Айгырдан жаман аркырап, / Ачуу үн чыгып даркырап, / Аза күтүп жаныбар, / Көзүнүн жашы бурчактап, / Ыйлап жатып Телкүрөң, / Кесерден төмөн шакшактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →