дардакта
- Дардаң-дардаң этип калдалаңдаган, көпкөлөң кебетеде болуу, көөдөктөнүү.
- Көңүлү көтөрүлүп сүйүнүп калуу, барбалактоо, мактанып, шаттануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бойун оңдоп албастан, / Кууп калды дардактап, / Күүсү менен тулпардын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Качып барат дардактап, / Чылбыр бойу чубалып, / Орто буту салбактап, / Арбаң-тарбаң жүгүрүп, / Алтымыш кулач жерлерди, / Бир арымдап түйүлүп, / Кетип барат тарбаңдап, / Аманат жандан түңүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кабылан шерди кучактап, / Оодарылып атынан, / Чубак жетти дардактап, / Аламан болуп турган чак, / Чоролор чуркап далдактап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтып Тапак барбактап, / Жүгүрүп келип дардактап, / Далысында калганы, / Казанбактай калдактап, / Белин ийип бүгүлүп, / Башын ийип жүгүнүп, / Муну көрүп Тапан хан, / Карап турат бир четте, / Кара жандан түңүлүп, / Муну мындай таштайлы, / Тапан хан менен канчыктын, / Куткарбасты мааналап, / Кеткенинен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сатикеси салпактап, / Этек-жеңи далбактап, / Биздин кепти айтты, деп, / Жерге батпай барбактап, / Алыке менен Сатыке, / Катар чуркайт дардактап, / Кутубайдан аттанып, / Гүлчоро кебин жатка алып, / Сейтек кетип баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →