дардай

китептерде 78 жолу, 9 китепте
  1. Көлөмү, көрүнүшү чоң болуп көрүнүү.
  2. өт. Менменсинүү, бой көтөрүү, көөп кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Пейилиңди салып кулак сал, / Сага айтаар кебим бар, / Баш болдум деп барбайып, / Чаначтай көөп чандайып, / Кардыңды сылап чардайып, / Калбагының дардайып, / Эрте туруп, кеч жатып, / Акыл ойлоп, эс тапкын, / Кара жаның жыргатпай, / Калың элди тең баккын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимден жооп алып, / Калкына келди Талана, / Кара тоодой калдайып, / Барып түштү айлына, / Көк камандай дардайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Имерилсе жаныбар, / Жайкалган шибер чөп экен, / Жан барбас туйук жер экен, / Ушул жерде эндиреп, / Кулагы тунуп дүңгүрөп, / Аккуланын үстүнөн, / Жыгылып калды дардайып, / Сулап жатты далдайып, / Дем алганда таноосу, / Узунга дейре барбайып, / Бетине чымын кондурбай, / Аккула турду кайтарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки булчуң жарылып, / Салаалаган кан агып, / Эч болбосо бир эмес, / Эки колдон тең агып, / Кызыл лөктүн үстүндө, / Терекбай турат далдайып, / Өпкөнүн каны түгөнүп, / Жыгылып калды дардайып, / Өзү айбан кызыл лөк, / Өнөрү малдан бир бөлөк, / Башын жерге салганы, / Оозунда тиши шакылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Керүүдө төөлөр дардайып, / Адырда кулжа калдайып, / Бугулар чыгып токойдон, / Мүйүздөрү тарбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →