дарбыз

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Сабактары жерге төшөлүп, чылбыр таштап өсүүчү, томолок, ичи кызыл, ширелүү бакча өсүмдүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суусап калды баатыр деп, / Дарбыз артып алганбы?”- / Ойлонуп Сыргак болгончо, / Алмамбет,Чубак барганы, / Көз байланып бүрүлдөп, / Таанылбай калган убагы, / Чуркап жетип эр Сыргак, / Алдынан тосо барганы, / Барган жерде токтоосуз, / Арткан жүгүн карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колума тийсе намысым, / Колуңду артсаң мойнума, / Бышып турган дарбызмын, / Узакка барбай кубарат, / Күз көктөгөн алысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жол тосуп турган жеринен, / Мен бармын Сейит, качпа, деп, / Чыга калды чанаңдап, / Жылаңач уйдун тай торпок, / Букачардай танаңдап, / Эки эмчегин карасаң, / Дарбыздай бар салаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кудайдын көргөн кубатын, / Каныкейдин ак сүтү, / Экөөнү тең кандырат, / Дарбыздай эмчек тоголок, / Эми калды салбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Найзанын учу мылк деди, / Дарбыздай башы шылк деди, / Теңден жаны бөлүндү, / Буда көрдү өлүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →