дарбазачы

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Дарбазадан бөлөк кишилерди киргизбөө үчүн кайтаруучу, сакчы, күзөтчү.
  2. Спорт оюндарында (мисалы, футболдо) дарбазада туруп, топту киргизбей тосуп калуу милдетин аткаруучу спортсмен.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетелеген тайганды, / Хан Манастын доорунда, / Дарбазачы Сарытаз, / Кызы Седеп экен деп, / Мындай укмуш айтылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…нас: / — Акылман Бакай датка — деп, / Миниң ылдам атка — деп, / Аксаргылды жетелеп, / Тезирээк жолго салыңыз, / Ойон Чубак баатырдын, / Ачуусун сурап алыңыз, / Дарбазачы Сарытаз, / Жолдош кыла барыңыз, - / Аксаргыл тартуу ат алып, / Сары тазды котчу алып, / Азыр датка аттанып, / Жете барып калыптыр, / Жеткен жерде Чубакка, / Бу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүгүндөн баштап коргонго, / Сарытаздын ордуна, / Дарбазачы сен болгун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Башында Манас барында / Дарбазачы мен элем, / Башкарган элин билгиче, / Баш кишиси сен элең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →