дарбаза

китептерде 54 жолу, 9 китепте
  1. Короонун кире беришиндеги чоң эшик, капка.
  2. Спорттук оюндарда (мисалы, футболдо) эки тарап бири-бирине топту же шарды киргизүү үчүн оюндун өзгөчөлүгүнө карата ылайыкталып жасалган атайын жай, орун.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Териңди тетир сойомун, / Саман салып териңе, / Коросондун дарбаза, / Ошого асып койомун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Керди көрүп таңданып, / Жерди көрүп шаңданып, / Эңиш тартып зырылдап, / Карткүрөң мурду бырылдап, / Күүгүм кире бүрүлдө, / Ажыкең атта алкындап, / Чоң кокондун дарбаза, / Кирип барды жакындап, / Карт күрөңдүн төрт буту, / Дооштонуп такылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торсолдой келип коргонго, / Дарбазадан киргенде, / Кабылан Бакай, Каныкей, / Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, / Муну көргөн Чанданбай, / Кадырлуу болгон калгандар, / Кара жандан түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кылчайып Гүлүс караса, / Алты жүз койдун ордундай, / Кара жерге түшкөн ок, / Кара туман куйуну, / Кыл этип кирип баратат, / Дарбаза аттап арыштап, / Тайбуурулдун куйругу! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бул жаңкы ат чыгып кеткен дарбазага жаңы жете бергенде, бир уйгур жигит, дарбазаны шарт жаап жиберип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →