даража
- Атак, кадыр, барк, мартаба, ардак.
- Илимий наам.
- Деңгээл, чек, категория, кандайдыр бир деңгээлде экендигин билдирүүчү баскыч.
- грам. Сын атоочтун салыштырма формасы.
- мат. Бири-бирине барабар болгон бир нече көбөйтүлүүчүлөрдүн көбөйтүндүсү санды өзүн өзүнө көбөйтүүнүн натыйжасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Алардын бар максаты: жаат курап жайлоо талашуу, даражага жетүү, элге чыгым салып, зоболосун тийгизүү, кедейдин жыйырма коюн ашырып, жүз кылып, байдын миң коюн кемитип эки жүз кылып каттатып, арадан жем түшүрүү, өчукк…
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →