данакер

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Араздашкандарды элдештирүүчү же жалпы эле бириктирүүчү, ынтымакташтыруучу.
  2. Темирден жасалган буюмдарды бири-бирине жабыштыруу же идиштердин жыртык-тешигин бүтөө үчүн колдонулуучу коргошун сыяктуу жумшак калай жабыштырып, бириктирүүчү ширеткич зат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…еп жашын Гүлүстүн, / Далысынын кечирин, / Ченеп көрсө кесигин, / Чарыккан төөнүн кечири, / Эп келиптир кечирге, / Сары иттин кечирин, / Жигине жаап бастырып, / Данакерден талкалап, / Себелетип салдырып, / Чубалды деген суу жандар, / (Жакындаган жаныбар, / Оролуп калма жайы бар), / Чубалдыдан Момунжан, / Алып келген чагы бар, / А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Буластаган Каныкей, / Болжолдуу ишке данакер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →