дамбал

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Узун багалектүү ыштан, ич кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оройу бузук бадирек, / Өзү лама ал экен, / Дамбалы жок жылаң бут, / Кабаттап кийип темирди, / Атка минген чагы экен, / Узундугу чочконун, / Алты арышча бар экен, / Каш-кирпигин караса, / Сайдагы жерде тал экен, / Мурду тоонун сеңир таш, / Көзү көлчө бар экен, / Далысы дөктүр бел экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
— деп, / Айтумуштан сураса, / — Чынгыш кетти тегине, / Текши тоонун жерине, / Дамбалы жок кожосу, / Кызыл жапан жайдак төш, / Өзүнүн туулган элине, / Жүйрүн дөө менен бир келип, / Турду эле бул жерде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дамбалы жок молдосу, / Асманда учкан канатуу, / Карга кузгун коргоочу, / Ошого барып кол салган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чыдай албай бейбактар, / Дамбалга сийип бүркүрөп, / Сакчы койгон сары кыз, / Кабарчы койгон кара кыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Дамбалы жок теспечен, / Бизден кыйын молдого, / Чоң ишенген эл экен, / Баш молдосун ошол эл, / Тирүү кудай дейт экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →