далычы

китептерде 14 жолу, 3 китепте
  1. Далы карап төлгө тартуучу, далы ачуучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каңгайлардын ичинде, / Бир далычы бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каңгайга барып азыраак, / Баш мааналап көрөсүң, / Кайсы экенин билбеймин, / Андан нары көрөрүң, / Далычыдан Калдык хан, / Татыгы жок кеп угуп, / Бекбача орго түшкөндө, / Куткарбаймын аны деп, / Кайрат кылып дем уруп, / “Качасың” ды унутуп, / Дардаңдады ал акмак, / Орго түшсө жеңдим, деп, / Олбуй-солбуй белин бууп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Изчиң угуп тур, — деди, / Четке чыккан кыргыздын, / Чындап изин куу — деди, / Төлгөчү салгын төлгөңдү, / Жашырбай айткын көргөндү, / Далычы, далың карагын, / Мергендер камда саадагың, / Четке чыгып тургула, / Жолобой элге балбаның, / Кыргызга келген ким болсо, / Киргизбегин албарын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Далычы Калбай бакырып: / — Кызыл ээк карың, ук, / Кылым кыргыз, баарың ук, / Кызыл муштум жашың, ук, / Элдин тарткан эмгегин, / Эл башкарган жашың ук, / Жазыгы чыкса кебимден, / Өлтүрүп ташта мени уруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…жигит, / Кылымдан чыккан шок жигит, / Кармашса колду күйдүргөн, / Табы күчтүү чок жигит, / Баарын Манас жыйнаптыр, / Көп элде мындай жок жигит, / Төлгөчү менен далычы, / Из куугандын баарысы, / Жортуулчу менен кайгуучу, / Жол бойунда туруучу, / Сыйкыр билген, жай билген, / Сыймыктуу Манас турбайбы, / Ушулар баары бир жүргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →