далы
- Бир учу күң жиликтин жогорку башына туташып, жалпак жагы арканын өйдөкү жагына жайгашкан үч бурчтуу, ортосу кырча келген жука сөөк түрүндөгү дененин бир мүчөсү.
- Дененин ушул сөөк орун алган тушу, эки ийиндин аралыгы, эки ийиндин сырт жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун сунуп арбайтып, / Далыдан аткый кармады, / Өзү тургай Чакмакташ, / Аты менен биригип, / Уучуна толбой калганы, / Чоркок Сазан маминтип, / Аты менен ээсине, / Жалгыз эмес экени, / Жаза к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Болбосо өңү буржуйуп, / Толбосо көзгө жулжуйуп, / Куушурулуп далысы, / Караса нары кулжуйуп, / Эрдиги анын не керек, / Ошо күнү турармын, / Көзүмдүн жашын себээлеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айланып артка болгончо, / Аттарын сабап чойгунча, / Капташа түшкөн бирөөнү, / Как далыга муштады, / Сыргак сайган оңобу, / Эңкейсе өйдө болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөндүн далысы, / Кечирлери кесилди, / Кулгуна болуп ириңдеп, / Бүткөн бойу тешилди, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Бүгүн кайра жеткизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →