далпылда

китептерде 18 жолу, 8 китепте
  1. Далп-далп этүү, далдактоо, калдаң-калдаң этүү, далдаң-далдаң этип желпилдөө.
  2. өт. Дөөрүп, дайынсыз сүйлөй берүү, ооз көптүрмө сүйлөп балпылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айгай салып арсылдап, / Кутурган иттей карсылдап, / Күн чагылтып кылычы, / Көз уйалтып жалтылдап, / Бир жак жеңи желбегей, / Тизесинде салпылдап, / Этектери далпылдап, / Он сегиз миң ааламды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тапшырып Отор далай кеп, / Далпылдап жолго салыптыр, / Этек-жеңи далбайып, / Салпылдап кетип баратат, / Эси оогандай эндиреп, / Шалпылдап кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ардык алып жаталбай, / Качып жүрүп салпылдап, / Канатым талып учалбай, / Болбой калдым далпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайра качты далпылдап, / Желке чачы салпылдап, / Бура тарта бергинче, / Май сооруга найзанын, / Төрт эли учу тийгени, / Камчы саптай кара кан, / Чычаңы ылдый куйулуп, / Кончторуна киргени, / Эми демжип бир сайса, / Өлөрүн кемпир билгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өзүнүн бойун жыйнабай, / Ашыгып турат далпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →