далдаңда
- Далдаң-далдаң этүү, эби-сыны жок далдактаган кыймылда болуу, далдактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кара тумоо болгондой, / Мууну кетип шалдырап, / Барабанын тарттырып, / Айласы кетти калдаңдап, / Барабан үнү чыкканда, / Туруп калды Бактыбай, / Каракөз турат далдаңдап, / Саранжа менен Көкбөрү, / Булардан кабар угалбай, / Тете менен Саладан, / Андан кабар ала албай, / Же качуунун эбин таба албай, / Тел музоо болуп турганда, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Качырган жерде калмактын, / Найзасын кагып жиберди, / Оңолуп калмак келгенче, / Кеңкула оозун имерип, / Калдаңдаган калмакты, / Кара бойун жыйнабай, / Далдаңдаган калмакты, / Шамалга учкан камгактай, / Далбаңдаган калмакты, / Тайган кууган кийиктей, / Барбаңдаган калмакты, / Эки этеги жыйылбай, / Салбаңдаган калмакты, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деп, / Аскерине айкырып, / Он эки балбан, бир сарбаз / Бир найзаны он үчү, / Алып келди далдаңдап, / Кечигип калат дегенсип, / Тапак барды калдаңдап, / Колуна найза тийгенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…турганда, / Каадасынча күндөгү, / Жыйырма кыз алдында, / Жыйырма кыз артында, / Өткөнү бара жатканда, / Бастырып аттуу бара албай, / Же чылбырынан ала албай, / Далдаңдап чуркап Карадөө, / Алдынан тосуп турганда, / Унчукпай бара жатканда: / — Абакебиз Семетей, / Азап тартты ченебей, / Энекеңиз Каныкей, / Алганың какшайт Айчүрөк,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →