далдалан
- Бир нерсеге жашынуу, бир нерсени жамынуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чамынып да кагынып, / Белдемчиси жайылып, / Далдалаңдап Бакдөөлөт, / Далай кеп айтып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байкайын болот, кызды деп, / Кумсар чыга берерде, / Далдаланды бул бетбак, / Киши көрбөс бир жерге, / Өзү кирип баткындай, / Жата калды кемерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Далдаланып жарканат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жеңеңдин кылган өнөрү, / Далдаланып калбастан, / Айтылып калды дастанда, / Буларда дарман калган жок, / Бузуп салып басканга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ар канча кылса билинбей, / Далдаланып жатабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →