далдал2

китептерде 47 жолу, 7 китепте
  1. арх. Сүйгөн жар, мөлмөл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Качантан бери кагышып, / Кармаштым далай салышып, / Испандык ханы Ачакан, / Мени менен бир барган, / Баарынын тарпын чыгардың, / Далдал кылып тамтыгын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ан сайын чыңып тагыбыз, / Ачылган экен багыбыз, / Экөөңдүн көзүң өткөнчө / Сынбайт экен шагыңыз, / Көктөй берсин түбөлүк, / Таалай аттуу багыңыз, / Келе турган Алмамбет, / Кең көкүрөк сом далы, / Туткандын чыгар далдалы, / Булкушуп душман беттебес, / Бул замандын балбаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айлана сеңир тумшуктан, / Чыга калса эки арстан, / Кайран баатыр Кара дөө, / Кабизет кылып калдаңдап, / Эки этеги далдаңдап, / Далдал болуп сооту, / Жыртылыптыр салбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жүржүткө кыргын салчу кул, / Кылычтын мизин кан кылып, / Кылымды жеңчү балбан кул, / Кең көкүрөк сом даалы, / Туткандын чыгар далдалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көтөрбөс минген атым, деп, / Керктен бирди тапкын, деп, / Керкти минип далдайып, / Кара тоодой калдайып, / Чаначтай көөп дардайып, / Таноолору барбайып, / Бүткөн бойу далдалап, / Курсагы чыгып чардайып, / Кетүүчүдөй талкалап, / Жетип келди чалкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →