далдай

китептерде 41 жолу, 8 китепте
  1. Калдайып жазы көрүнүү, эби-сыны жок чоң болуп көрүнүү.
  2. Делдейүү, далдырап туруп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хан Чиктейдин кан карзы, / Менде эмес силерде, / Адамсынып далдайып, / Не келесиң бу жерге?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Имерилсе жаныбар, / Жайкалган шибер чөп экен, / Жан барбас туйук жер экен, / Ушул жерде эндиреп, / Кулагы тунуп дүңгүрөп, / Аккуланын үстүнөн, / Жыгылып калды дардайып, / Сулап жатты далдайып, / Дем алганда таноосу, / Узунга дейре барбайып, / Бетине чымын кондурбай, / Аккула турду кайтарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки булчуң жарылып, / Салаалаган кан агып, / Эч болбосо бир эмес, / Эки колдон тең агып, / Кызыл лөктүн үстүндө, / Терекбай турат далдайып, / Өпкөнүн каны түгөнүп, / Жыгылып калды дардайып, / Өзү айбан кызыл лөк, / Өнөрү малдан бир бөлөк, / Башын жерге салганы, / Оозунда тиши шакылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
— деди, / Эркин басып далдайып, / Ойноп жүргөн ким? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Туралбай башы айланып, / Жыйалбай эсин баатырлар, / Нес болушуп далдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →