далдаала
- Көрсөтпөй же көмүскөдө калтыра тосуп калуу, далдаада калтыруу, калкалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Учканда күндү далдаалап, / Чогулган куш андан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…енче барып Куткарбас, / Колу менен сыйпалап, / Ыштан боосун кармады, / Кеп кылсам шекип калат, деп / Сырымды ачып салат, деп / Уйалгансып ал жалап, / Эки көзүн далдаалап, / Чалкасынан кеткени, / Энтелеген балтанын, / Барсканга башы жеткени, / Жеткен менен барсканга, / Талабына жетпеди, / Жетер жетпес баратып, / Жерге башы шылк …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…Шиберге келсе жүгүрүп, / Тикен болуп шиберлер, / Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деди Бурмаке кемпир, алаканын күнгө далдаалап, көзүнүн болор-болбос шооласы менен жасоолго шыкырайып туруп.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →