далдаа
- Бир нерсенин калканч жагы, тосулган нерсенин калканч жагы, тосулган нерсенин көрүнбөй турган жагы, ыктоо тарабы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Далдаага кире бергенде, / Эки жагын каранып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жебени кармап оштонуп, / Турган экен залкайып, / Ар адиске берилип, / Ары бери секирип, / Далдаага кирип жоголуп, / Аткан октой чу койуп, / Качып койон жөнөдү, / Аны Чубак көрбөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эки аттын нары жагында, / Карагул калды далдаада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анын шектенип карап, акырайганынан атып жибергени жеңил өңдөнүп, эшиктин далдаасына киргиче беш саржан жер алыс көрүнүп, кыйпылдап отурам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Далдаага Камыртайды байлап, арыраак барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →