далбай
- Калдайган жазы көрүнүштө болуу, далдайып чоң көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жайа салып кер атка, / Минип алды далбайа, / Оркызыл менен Татыбек, / Кетип барат алдында, / Жабыкеге Йобалы: / — Татыбек жалгыз калыптыр, / Байкап аны карачы, / Бактыбайдын арада, / Көрүнбөйт көзгө карааны, / Татыбекти кетирбей, / Өзөктөн канын жайалы, / Минтип эбин табалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үстүңкү ээрдин калбайтып, / Көк-асманды шыпырып, / Алдыңкы ээрдин далбайтып, / Кара жерди шыпырып, / Мактанышат чанданы, / Сендей бойу беш келет, / Жору куйрук кызыл алп, / Кутулуп кете албады, / Ашкере тийип жардамы, / Атам Манас арбагы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ндай кордук теги жок, / Ошондо Жолой күүлөнөт, / Өз алдынча сүйлөнөт: / — Эсен ханга алып барам, / Эрендиктен жар салам, / Көрсөтүп туруп көзүнө, / Эр Төштүктү далбайтып, / Ошол жерде мен жарам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чынмачын, какан, каңгайлык / Кошулган Кеден калдайып, / Манжулар келген жаланып, / Уушаң келген калмакты, / Калтырбай такыр бүт алып, / Анжулдардын мурадил, / Ал дагы келген шаңданып, / Ороккыр келген кошулуп, / Пилге минип далбайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аккула менен далбайып, / Арыштап чуркап калчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →