далакта
- Далдактагандай эби-сыны жок олдоксон кыймыл-аракетте болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алактаган Жабыке, / Жаңы чыгып жекеге, / Далактаган Жабыке, / Найзасын күүлөп булгалап, / Шалактаган Жабыке, / Сотукени оозго алып, / Сонун келди эби деп, / Татыбекти бетке алып, / Тик качырып баратыр, / Жабыкен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эки жүз киши далактап, / Ат дабырты тартактап, / Канчоро, Кыйаз кулдары, / Кирип келди салпактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
эки күн салышып, / Чыдаштык кылып тура албай, / Гүлчоро калды шалактап, / Алтайга минсе арыбас, / Карк үч айлык урушта, / Нойубаган талыкпас, / Суркойон калды далактап, / Куйруктары булактап, / Кутубайдын кара дөө, / Анда туруп муну айтат: / — Айланайын, абаке, / Кандай душман келди эле?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күрө тонун жыйа албай, / Эки этеги далактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Канчоро турат далактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →