далайга

китептерде 51 жолу, 9 китепте
  1. Бир кыйла убакытка, көпкө, узакка.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…атай, / Күчаладан таттуу сөз, / Чыдап буга туралбай, / Найзасын кармап эптенип, / Бир көрсөм деп беттешип, / Бастырарга калганда, / Балтыркан деген бар экен, / Далайга чыккан жан экен, / Баатырдын бири ал экен: / — Хандык өкүм колуңда, / Баатырлык бизде, Кубатай, / Айткан сөзгө аркылбай, / Караңгыда тайынсыз, / Кармашып жүрүш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мен-мен дешип талашып, / Сакта менен Саранжа, / Талашып калды далайга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…гыш, / Манаска айтат жабырап: / — Чукулга өтө тың элем, / Узакка анча жок элем, / Кармаганда Кошой эле, / Каткырыкты салчу элем, / Кабуусун таппай кармаштым, / Далайга жүрүп калчы элем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чойтолоң айтып токтолду, / Дымбырдым болду турган эл, / Далайга зообан жок болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жайытта уйдун богунан, / Томолоктоп кургатып, / Кылга тизип тагынат, / Ошентип жүрүп ар кайда, / Көрүнүп элге далайга, / Түбү жок зандим бир жерге, / Түшүп өлдү жеркуйга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →