дак
- диал. Так, бир нерсенин жуккан тагы.
- диал. Арман, кайгы, ыза, дарт сыяктуу жаман нерселердин көңүлдө калган тагы, изи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карып калган кезиңде, / Какжаңдай бериш жакшы эмес, / Күдүңдөп күлү калакай, / Жакжаңдай бериш жакшы эмес, / Кары болсоң карыдай, / Саксаңдай бериш жакшы эмес, / Айтарга сөздү берди, деп, / Бакжаңдай бериш жакшы эмес, / Келгин деди мени, деп, / Дакдаңдай бериш жакшы эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ичи жарык жол салып, / Келет Сыргак таң калып, / Чыга калды капыстан, / Кожаалысы дактайып, / Сакал-мурут өсөңкү, / Кеткен экен саксайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…гыс), / Какжаңдаган Тапан хан, / Карыган кой көздөнүп, / Чакчаңдаган Тапан хан, / Дык тийбеген бетине, / Саксаңдаган Тапан хан, / Карыганын билбей көйрөңсүп, / Дакдаңдаган Тапан хан, / Кылжыңдап мойун токтобой, / Бакжаңдаган Тапан хан, / Узун чапан жеңи жок, / Далбаңдаган Тапан хан, / Багалеги сүйрөлүп, / Балбаңдаган Тапан хан, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тиги турган Сетертай, / Ордонун башы болгондо, / Бийик өкүм колунда, / Экөө бирге турганда, / Дагдаарып көөп кетпеди, / Ойунда сактап бул жүрдү, / Айчүрөк айткан кептерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
жерге кир, / Кыргыз менен урушуп, / Кырат экен бизди, деп, / Кудураган андан көп, / Найзасын ташка түйрөйтүп, / Кылычын чаркка бүлөтүп, / Тайарланып урушка, / Дактайганы андан көп, / Чокморун артып ийнине, / Айбандын минип пилине, / Чакчайганы андан көп, / Түк бүткөндөн бер жакка, / Дык тийбеген денеге, / Саксайганы андан көп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →