дайын1

китептерде 86 жолу, 10 китепте дайын 2 →
  1. Кабар, дарек, жөн-жай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ингендеги моңгулдар, / Качкан кыргыз мында деп, / Дайынын угуп билиптир, / Ылганып бир жүз отузу, / Чаап алам деп кириптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көзүнүн агып кандуу жаш, / Өлдүбү, тирүү бар бекен, / Дайынын көрө албады, / Арстаның айбат үн берген, / Абасы кайрат күү берген, / Жаш баатыр карап турабы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…беди, / Алты жүз эле жылкыңыз, / Азыр алты миң болду, / Айтылып элге дүң болду: / Коңгуроолуу кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: / — Бергени болсо албайбы, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сулуунун дайынын угуптур, / Соодагерлер кеп салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кырк бир атчан киши эле, / Байа анык санаса, / Калганынын дайыны жок, / Жалгыз аттын изи бар, / Из кубалап караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →