дайынсыз
- Дарексиз, кабарсыз, белгисиз.
- Ыксыз, орунсуз, обу жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Талкаланып калканы, / Дайынсыз болуп туулгасы, / Башы кайда?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лкыны айдап эр Сыргак, / Бурулбай кетип баратса, / Алдынан чыкты бир дөбө, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Мен чыдаармын Сейити, / Кырк бир күндүк ачкага, / Баса албай тулпар чаңкаса, / Жалгыз башым көп колду, / Чабалбай кылыч талыксам, / Кийген олпок жарагым, / Дайынсыз калаар талаада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Дайынсыз киши мен эмес, / Алп Жамгырчы тайым бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Күкүк ошол бойдон дайынсыз жоголду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →