дабыртта
- Дабырт-дүбүрт эткен добуш чыгаруу, дүбүрттөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ай-талааны бир алды, / Ат туйагы дабырттап, / Куйрук-жалы чачылып, / Кула учуп баратты, / Бурулуп жолго салганча, / Ачбуудан жетип жанашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Келген экен Чубак, деп, / Арстаның анык билиптир, / Ат дабырттан ойгонуп, / Абаң Бакай чоң Кошой, / Баланын айткан кептери, / Кулагына кириптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Шаңдуу, сүрдүү аскерлер биздин эки үйдүн жанындагы жол менен жогору карай тынбай дабырттап өтүп сайга кирип жоголуп жатты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жогору карай тынбай дабырттап, чаап өтүп жаткан аскерлерди көрүп, менин көңүлүм толкуп турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Биз ошентип жаткан кезде, эртең мененки Чарындан чыккан аскерлер кууган жоонун артына түшүп, дабырттап өтүп Сайга кирип мылтык аткылап караңгы түндүн тынчын алып жаткандай болуп турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →