дабыра

китептерде 10 жолу, 7 китепте
  1. Дабыр-дабыр этүү, дабыр-дүбүр эткен дабыш чыгаруу, дабырттоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Жедигерден үчөөнү, / Көгүчкөндөй ыргытып, / Каракөз менен кагышып, / Качырышып сайышып, / Калбалашып жатканда, / Бодоң менен Турумбек, / Салгылашып жатканда, / Дабырап аттын табышы, / Жакын жерден угулуп, / Ким экенин билем деп, / Каракөз карап бурулуп, / Маңгыттардын хан Калдык, / Чалдыкты көзгө урунуп, / Каракөздүн жүрөгү /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алмамбеттен ажырап, / Айанбай чаап дабырап, / Таң келин каш убакта, / Айкөлүңдү чатырга, / Байтөлөн келди алдырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп Кара дөө жабырап, / Жалынып кетип баратат, / Жандай чуркап дабырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жаман чуркап алыптыр, / Ошонун баары дабырап, / Ошолорду көргөндө, / Токтоно албай мен качтым, / Акылыман ажырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кара чаар жолборс карсылдап, / Аргымактын табышы, / Алтымыш аттай дабырап, / Бир канаттуу кушу бар, / Күн тийгизбей баатырга, / Канатын жазып калкылдап, / Сыр көрүндү бар жанга, / Ким теңдешет андайга? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →