даба

китептерде 40 жолу, 9 китепте
  1. Дары катары колдонулуучу ар кандай каражат, себепчи, дары.
  2. Амал, айла, ылаажы.
  3. Күч, ал, чама.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Кечээ тургай түндө сак, / Мен багып жүрдүм сак сактап, / Бүгүн жинди болуптур, / Дартына дабаа ким табат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жекелеп келген Талана: / — Жекеге келдим мен сага, / Жиним келип козголдум, / Табылбайт бүгүн саа даба. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Беттешип калса пендеге, / Табылбас ага эч даба, / Кулач кез мойну узарып, / Өпкөдөй бети бышарып, / Өрттөй көзү кызарып, / Көн кисеси шалпылдап, / Чоң кылыч белде жаркылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоронун айтканын, / Укпай калды бир жери, / Гүлүстөнгө Семейдин, / Мына бул болду бир кеби: / — Сен Гүлчоро, кайра тарт, / Каныкей менен Бакайга айт, / Мага дабаа болчуну, / Элден сурап издеп тап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эр Жалгызек жаш бала, / Күчүнө жок эч дабаа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →