даарат
- дин. Намаз окуу үчүн, Куран окуу (кармоо) үчүн жана диндик жөрөлгөлөрдү орундатуу алдында белгилүү эрежелерге ылайык жуунуу камылгасы, жөрөлгөсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дааратын алып бүтүрүп, / Кетмек болду Бекбача, / Жол керегин күтүнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бура басып Мадыбек, / Жүрбөгөн киши бей даарат, / Беш иманга сак эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…лдыз батканда, / Сүзүлүп таң бозоруп, / Супа салган чактарда, / Арстан Манас баатырың, / Уйкусунан ойгонуп, / Ордунан туруп толгонуп, / Эшикке чыгып айкөлүң, / Даарат алып жатканда, / Түрсүлдөткөн бир аттын, / Дүбүртү кирди кулакка, / Кылчайып артын караса, / Ажыкеңдин Карткүрөң, / Байлануу турат кадаада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болжолу келсе дааратың, / Тыйганыңа койобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Дааратка суусун дайарлап, / Аптаваны колго алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →