даам
- Бир нерсени жегенде, ичкенде, татканда тил аркылуу сезилген татыгы, татым.
- Тамак, оокат.
- өт. Маани, маңыз, мазмун, мазе, кызыктуулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көкүм барып айтыптыр, / Солк этпей кыргыз жатыптыр, / Кысыр эмди тай сойуп, / Кымызга чайкап бал куйуп, / Дасторкондун бетине, / Канча түрдүү даам койуп, / Конокторго тартыптыр, / Бирге олтуруп Кененим, / Таамды бирге татыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сары жел артуу туу белде, / Салкын жерде жатайын, / Кол-бутум сунуп керилип, / Уйкунун даамын татайын, / Келишкен сонун жер экен, / Ыраатын мунун татайын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аскер түшүп жатышты, / Жан казанын асышты, / Уйкунун даамын татышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бозорук таң атканда, / Боз торгой сайрап жатканда, / Хандын баары калдаңдап, / Камчысын сүйрөп далдаңдап, / Таңдагы нашта даамын, / Ашпоздору тез камдап, / Айкөл баштап бардык хан, / Кыргыл баштап кырк арстан, / Жапырт жүрүп бастырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →