даакы

китептерде 2 жолу
  1. Жаныбарлардын жазында түлөп түшүүчү жүнү.
  2. Түгүн сыртын каратып кулундун терисинен жасалган тон.
  3. өт. Тытылып, самсаалаган, абдан эскирген кийим, төшөнчү ж.б. Даакысы кетти тытылып («Манас» С.К.).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошол тайда, Жакып бай, / Эки-үч түрдүү белги бар: / Ак сур кула түгү бар, / Кулун даакы түшпөгөн, / Учасында жүнү бар, / Орто эшектей бойу бар, / Жоон сабоодой колу бар, / Өсө албай жүрөт корунуп, / Жашырып бойун жаныбар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Малды ээрчип кетпеди, / Жашы бышты болгунча, / Даакы жүнү түшпөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →