даа
- Батынуу, тартынбоо, тайманбоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп ойлонуп даай албай, / Бекбачаны бетке албай, / Жандай тартып жөнөдү, / Бара жаткан кишини, / Бекбача баатыр көргөнү: / — Баскан жолу алыс жол, / Аты шалтак кара тер, / Чамбыл сур болуп кетиптир, / Болбосо өзү карагер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Антип-минтип арадан, / Даалай күн өтүп кеткени, / Кыргыздар кандай болду, деп, / Кененим жөнөп кеткени, / Чойун алпты Кененим, / Кууп кеткен кездерде, / Коросондун Кесилет, / Бастырып чыкты жекеге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калмактар качып бириндеп, / Этек-жеңи дирилдеп, / Беттешип калса өлдүк, деп, / Кыйаматты көрдүк, деп, / Даай албай калды Мажикке, / Сийдиги агып бүркүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Балбандарың баары кыл, / Душманга колу шок эле, / Даа тутуп душман келе албай, / Жалындап турган чок эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Сүрүнөн алдына жан даап бара алар эмес.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →