гүлдө
- Гүл ачуу, гүл алуу.
- Көгөрүү, жашылдануу.
- өт. Жыргапкууноо, өркүндөө, өсүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Өлүп кеткен кишини, / Быйдана төшөп алдына, / Термеге ороп жердеген / Бейкасам менен шайыны, / Жибектен жасап түрдөгөн, / Баашайы башка кулпуруп, / Тоту куштай гүлдөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз калың эл, / Ак чач болгон байбиче, / Ак сакалдуу карың кел, / Кызкалдактай гүлдөгөн, / Кыз-уулдун бары кел, / Айтып жатып айкөлдү, / Суусадым, келе кымыз бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
тигет деп жүргөнмүн, / Эми колго тийиптир, / Түшкө кирбес бул бир иш, / Алмамбет кошо келиптир, / Төлгөбүз түп болуппуз, / Жетинип жерге тунуппуз, / Аркасында гүлдөдүк, / Айкөл Манас уулубуз...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бактары гүлдөп кулпурган, / Салган тамы алтындан, / Хан сарай деп айтылган, / Салтанаты ушундай, / Ичинде адам сүйлөсө, / Ат чабым жерге угулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Күзгүдөй жарык тийген күн, / Гүлдөгөн кайран биздин жер, / Чүмкөнүп кара каларбы?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →