гүл
- Уруктоо, мөмө байлоо, чаңдашуу процесстери жүрүүгө ыңгайлашкан ар кандай түстөгү желекчелерден жана аларды бириктирген чөйчөкчөдөн ж. б. турган өсүмдүк.
- Ушундай өрчүү органы болгон өсүмдүктүн гүлү.
- Кездеменин же башка нерселердин бетине түшүрүлгөн ар кандай гүлдөр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ордоңду бузуп талкалап, / Гүлгаакыны олжо алып, / Чынгыш кулду кошо алып, / Кеткен киши Кененим, / Кененимдин баласы, / Бекбача иним сен билгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баатырың мойнун бурганда, / Балакеттүү Торгойго, / Таң агарып күн чалды: / Алты менен тогуз жыл, / Унутулуп ал калды, / Айланасын караса, / Жайнаган кызыл гүл алды, / Жарылып кетчү немедей, / Жүрөгү балкып кубанды, / Бастырганын биле албай, / Балакет Торгой кулады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Гүлчоронун кебине, / Канчоро эриң кирбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Не бир сулуу гүлдөр жерди саймалап, көзгө чагылышып, апийим жыты буркурап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Атым Гүлпаары.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →