грант
- Илим изилдөөнү жана иштеп чыгууну аткарууга мамлекеттик заказ.
- Илим изилдөөнү, илимпоздорду, адабият жана искусство чыгармаларынын авторлорун финансылык колдоо үчүн бир жолу бөлүнүүчү акча каражаты.
- Башка бир мамлекет тарабынан кайтаруусуз негизде берилген акчалай каражат, техникалык жардам ж.б. Япония Өкмөтүнүн гранты жөнүндө макулдашуу – катты ратификациялоо (ЖК Жарчысы).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.