вазир
- Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндөгү жогорку мансаптуу адам, падышанын кеңешчиси, мамлекеттик кеңешчи.
- Хандын, падышанын акыл, кеңеш берип туруучу кишиси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тан, / Баарын кылчуу мен элем, / Көзүм катып баратат, / Дарыңды берсең, мен жесем, / Шишик басып кетерин, / Аны ойлоп билбесем, - / Буйрук кылды Кызыл алп, - / Вазирлерди чакырган, / Оңдоп мени жаткырган, / Теңин ичтим ичимен, / Калганын сырттан чаптыргын, / Алтымыш батман таш батчуу, / Кайыштан куржун таптыргын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Вазирине бериптир, / Байкуш вазир канетсин, / Уул-кыздан чогултуп, / Бир топту алып келиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кең Керкиттин сурагын, / Балыкчыга суратты, / Көкбука менен Жетилбай, / Бири вазир, бири балбан, / Ошолордун колунда, / Күн батыштын сурагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Орусхандын алдында, / Он вазир менен отуз бай, / Алтымыш бий, кырк балбан – / Бүткүл Урум элинин, / Жакшылары сыйланган: / Сексен адам дагы бар, / Жакшы чыгып келаткан, / Жаңы өспүрүм жаштар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Жок, эмгек вазирдин баласыныкы, ал болбосо кандын уулу эч нерсе кыла алмак эмес да, каракчылар аларды өлтүрүп коюшмак, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →