бөөдөсүнөн
- Куру бекер, эч себепсиз, бекеринен, бөөдө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен-менсинип келген бири жок, / Буларда намыс талашып, / Кырылып кетсе жакшы эмес, / Бөөдөсүнөн кан агып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…п жоголуп, / Көпчүлүктү аралап, / Манастын уулу Кененим, / Эр көкүрөк эрениң: / “Каптап келген калмакка, / Карбалас кыргыз кошулар, / Кызыл кан агып жошулар, / Бөөдөсүнөн кыргыздар, / Кыргын болор ушулар” / Деп ойлонуп алганы, / Бактыбайлап бакырып, / Эр Сүйүн деп чакырып, / Чолпонбай деп акырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ана-мына дегиче, / Ачып-көздү жумганча, / Эр Төштүктүн Чалкуйрук, / Кирип келди такымдап, / Анда Коңур муну айтат: / — Буруттун тийбе атына, / Бөөдөсүнөн чыр чыгат, / Чалкуйрук алдын тосоттоп, / Өткөрбөгүн көп калмак!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түрү суук заардуу кул, / Бөрк ордуна баш алган, / Бөөдөсүнөн кан чачкан, / Тоо бөксөрүп жол салган, / Томкоруп нечен эр алган / Менменсиген далайын, / Катынын жесир тул кылган, / Бет алган жакка чуу салган, / Бейпайлуу элди муң кылган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Гүлүскө жандап Сейтек: / — Чарынга барбай, абаке, / Күмүшбулак баралы, / Иледеги жылкыны, / Айдатып келе калалы, / Бекер таап албайлы, / Бөөдөсүнөн калбаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →