бөөдө
- Бекер, курулай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Коржоңдобо, Кубатай, / Көзүң көрүп бой сергип, / Ачылып көөнүң кубанбай, / Катылышсаң сен мага, / Бөөдө өлүп кетесиң, / Эртеңки күнгө чыгалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Кененим кантер экен деп, / Калмакка тийбе качырып, / Кыргын болуп жүрбөгүн, / Бөөдө каның чачылып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аз экен деп алдырап, / Бүлүк салып тынч элге / Бөөдө кайгы тарттырып, / Үй үстүнө барбаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Аны бөөдө өлтүрүп аласың дегенге токтоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Султаналы сүйүнүп, "Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым", деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы билди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →