бөө

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Көбүнчө жаш балдарды коркутуу үчүн колдонулуучу түрү суук, тири укмуштуу жандык, мокочо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атка жүрөр ал калбай, / Карсылдашып Чиктейге, / Качырышар жан калбай, / Кайра артына бурулду, / Бөөрүдөй окшош жуп күчүк, / Кара жолдо урунду, / Алда кайдан бул жерге, / Келип калган ит тууду? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кененимдин айтканы: / — Бөөрү-жору болот деп, / Көзгө басар малына, / Күлүк аттын жалына, / Кыргыздар байлайт айбаалы, / Айбаалысың сен дагы, / Жер менен жексен кыламын, / Сендей нечен айбанды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үлүш берип кунан чаап, / Ойноп балдар дуулдап, / Акачөлүм түнкүсүн, / Кыз- келиндер чуулдап, / Короосун кошо кайтарып, / Бекбекей айтып безилдеп, / Аңчылар бөөрү кармашып, / Аркар- кулжа бугу атып, / Текесин таштан кулатып, / Түлкүдөн кийип тебетей, / Мырзалары кырдашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көрбөгөнү көр болсун, / Көңүлү даттан кир болсун, / Барча дөөлөр басташып, / Баскалы жүрөт деп уктум, / Кесек бөөлөр башымды, / Кескени жүрөт деп уктум, / Хандардан келген элчидир, / Кайгуулга келген ченчидир,- / Эр Бороончу нетти эле, / Кетенчиктеп кетти эле, / Эшигине жетти… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кирпи чечен таш бака, / Канга тойуп компоңдоп, / Курт-кумурска бөө чайан, / Эсепсиз этке тойушуп, / Эр өлүгү, ат өлүк, / Көөдөнүнө жык толуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →