бөтөнчө

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Өзгөчө, айрыкча, башкача.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

айттың, бай Жакып, / Токсон күндө келем, деп, / Анткени менен Карахан, / Аруукени саа берет, / Келер кишиң бай Жакып, / Байкап көргүн сен ченеп, / Өтүнөм муну бөтөнчө, / Бизден кабар айтып кой, / Айдаркандын Көкчөгө, / Укпадым деп калбасын, / Убайга бизди салбасын, / Айтпадыңар силер, дейт, / Агеркечти жибербейт, / Ошондо Жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күмүштөн кемер курчанган, / Күндөй бети нур тамган, / Жорук салбай бөтөнчө, / Жүйөөсү менен журт алган, / Тирешкен жоосу муңканган, / Айкөл Манас келберсип, / Коргондун барды оозуна, / Он эки желдеп дапдайар, / Турган экен ушунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сенин кызың, Айчүрөк, / Бөтөнчө сулуу бала — дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бирок, Сарыбайдын өз үйү бүтүн Кең-Сууда бадырайып бөтөнчө туруучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул ат жыгып мингенде өзгөлөрдөн бөтөнчө бир өнөрү башка жасоолдорчулап, бирөөнү тизгиндеп туруп, «Түш аттан» деп кажылдашып отурганыңды билбейт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →