бөрү
- Карышкыр.
- Баатырларга карата колдонулуучу эпитет.
- өт. Шылуун, жегич.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бакай айткан кеп экен, / “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет” / Бөлүнүп калды кыргыз деп, / Бөлөк элге кеп кетет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карапайым кырк миң кол, / Короодоку койго окшош, / Кесилет менен Дабытай, / Качып келдиң Таластан, / Бөрүдөн качкан тайга окшоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…айа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үч жашка чыккан кезинде, / Тун кызын алды Шукшур дөө, / Экинчи кызын бир жашта, / Тартып кетти ушул дөө, / Андан кийин тууганын, / Арадан кырк өткөрбөй, / Алып кетип туруптур, / Жылда тууса, жылда жок, / Кайыпчал менен катыны, / Куу бөрүдөй улуптур, / Жетинчи бала тууларда, / Акыл ойлоп туруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошентип, тайгандар оозунан жулдурган бөрүдөй болуп, аңкайып сыртта туруп калышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →