бөрк
- Төбөсү бийик тебетей.
- Мыктын балка менен ура турган жагындагы тегерек башы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Менин атым атым Кызылкыз, / Өмүрхандын кызымын, / Жигит болуп көрүндүм, / Кыз экеним билгиниң, / Бөркүн алып таранып, / Күзгүгө өзүн каранып, / Кубулжуган кыз болду, / Бекбача баатыр саламат, / Татылдадан Нурфану, / Качып мында келгенин, / Бекбачаны Перилер, / Ал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ичи зыркырап, / Ачылсын баатыр жолуң, деп, / Атбай кыргыз чуркурап, / Көөнү ачылып кыргыздын, / Жубандары суйсалып, / Белдемчи жерде чубалып, / Суусар, кундуз, бөрк кийип, / Саамайын кыздар сыланып, / Кеп айтаардан эринип, / Мырзалары керилип, / Беттеп чыкты Кененим, / Кеңкула атты теминип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ажыбай деген аты бар, / Алган печет каты бар, / Кара сакал жайкалып, / Кундуз ичик, суусар бөрк, / Минген жорго чайпалып, / Хандарыңдан кем эмес, / Катардан калаар эр эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Желжетпес деген аты бар, / Өзү жалгыз келаткан, / Эл алдында чамынып, / Бөркүнө жакут тагынып, / Күн батканда жакут таш, / Күндүзгүдөй жарып, / Келе жатып Куйалы, / Чүрөккө калды кабылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бузбайлы мунун көркүн — деп, / Албайлы бойдун бөркүн» — деп, / Хан Кыйаз айтып болгунча, / Көйкөлө түшүп Семетей, / Коргошундай жылт этип, / Кайып болуп жоголду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →