бөпөлө
- Алгыр кушту ж.б. бөпү-бөпү деп үндөө.
- өт. Үндөө, чакыруу.
- Эркелетип ардактап багуу, алпештөө, бапестөө.
- Ардактап багуу, алпештөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хан Мамайдын жалгызы, / Бөдөнөнү бөпөлөп, / Хан көтөрүп алалы, / Билесиңер, баарыңар, / Бөрү алгандын баласы, / Тир жебей түлкү аларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Семетей канкоруң, / Гүлчорону жемелеп, / Көктү карап бөпөлөп, / Көтөрүп алып шумкарды, / Чоң ак куу кетти көкөлөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →