бөлө2

китептерде 74 жолу, 9 китепте бөлө 1 →
  1. Жаш баланы бешикке жаткызып, ороп-чулгап таңуу.
  2. Ороо, таңуу.
  3. Кармалган жапайы куштарды кийизге ж.б. канаттарын кайырбай тургандай таңып ороо.
  4. өт. Каптоо, курчоо, ороо, балкытуу, чөмүлтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Капчыгай ичи тар экен, / Суу агыны шар экен, / Белестен ашып түшкөнү, / Кең майданы бар экен, / Бетке алып белести, / Калдык капыр жөнөдү, / Ашырбай белден алам, деп, / Эр Бекбача көгөрдү, / Алдындагы тору атты, / Камчыга басып бөлөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз жеримде элимде, / Өчүгүшүп көрөйүн, / Өзгөчө көңүл бөлөйүн, / Өлүм келсе качпастан, / Кайрылбас жайга жөнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арыгансып калбастан, / Ажымдын артып өнөрү, / Кеңкол өөдө жөнөдү, / Шылтоологон эмесин, / Камчыга шыбап бөлөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жедигерге чаң салып, / Бөлөйүн деп кыргызды, / Бир четине таратып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аккелтеңди бере кой, / Асынып аны көрөйүн, / Ак албарсын байланып, / Алышуучу жоо болсо, / Айдап койдой бөлөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →